Батымдуулугу
Чоң конференц-зал административдик корпустун 2-кабатында жайгашкан. Залдын максималдуу батымдуулугу – 200 киши.Артыкчылыгы
Тематикалык көргөзмөлөр жана кофе-брейктерди өткөрүү үчүн пайдаланылуучу кенен фойе бар. Жайкы мезгилде кофе-брейктер таза абада террасада өткөрүлөт.Жайгаштыруунун схемалары
Эмеректерди Сиздин каалооңуз боюнча жайгаштырабыз. Конференциянын катышуучуларын жайгаштыруу схемасы Сиз үчүн индивидуалдуу иштелип чыгат, каалооңуз боюнча – театр, класс, Т-түрүндө, П-түрүндө.Салтанаттуу жана расмий ишчараларды жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү боюнча биздин бай тажрыйбабыз бар.
Административдик корпус, конференц-зал жана сүйлөшүүлөр бөлмөсүнүн аймактарында Wi-Fi технологиясынын негизинде “Интернетке зымсыз кошулуу” кызматы менен колдоно аласыз.
Биздин меймандарга биз төмөндөгүлөрдү сунуштайбыз:
- Кофе-тыныгуулар, залдарга минералдык сууну, түштө жана кечинде “швед столун”
- Ишчаралардын катышуучуларын отелибиздин номерлерине жайгаштырууну.
Конференц-залдын жабдыгы
- LCD – проектор
- Проектордун экраны
- VHS жана DVD – проигрыватель
- Аудиосистема
- Магниттик маркердик доска
- Кагазсыз флипчарт
- Радиомикрофон
- Трибуна
- Столдор жана отургучтар, жайгаштырууга жараша
Жолугушуулардын бардык катышуучулары Бизнес-борбордун кызматтарынан колдоно алышат.
Бизнес-борбордун менеджерлери конференцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам беришет.
Ар түрдүү таркатылуучу материалдарды, куверттерди, бейджиктерди ж.б. даярдоого жардам беришет.
Конференц-залдарды брондоо боюнча кошумча маалымат үчүн төмөндөгү телефондор боюнча кайрылсаныздар болот.
Тел.: +996 552 39 40 40 (Бишкек ш.)